Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир иштин убаракерчилигин, түйшүгүн, азап-тозогун тарткандан көрө, ага аралашпай, кийлигишпей, жолобой коюу керек деген мааниде колдонулат. Базардагы ишибиз ал болсо, аяк жерге тийбей, тил оозго батпай турганда ач кулактан тынч кулак (Тойбаев). Ач кулактан тынч кулак деп байлап берип кутулгандар.. (Бейшеналиев). Ажыбек айткандай, ач кулактан тынч кулак, жоопкерчиликти алып кереги эмне (Кушубеков). -Ач кулактан тынч кулак, андан көрө аяз жамынып ак кар, көк муз жазданып, ремонтту бүтүргөнүбүз эле оң - дешет («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир иштин убаракерчилигин, түйшүгүн, азап-тозогун тарткандан көрө, ага аралашпай, кийлигишпей, жолобой коюу керек деген мааниде колдонулат. Базардагы ишибиз ал болсо, аяк жерге тийбей, тил оозго батпай турганда ач кулактан тынч кулак (Тойбаев). Ач кулактан тынч кулак деп байлап берип кутулгандар. (Бейшеналиев). Ажыбек айткандай, ач кулактан тынч кулак, жоопкерчиликти алып кереги эмне (Кушубеков). Ач кулактан тынч кулак, андан көрө аяз жамынып, ак кар, көк муз жазданып, ремонтту бүтүргөнүбүз эле оң, – дешет («Чалкан»).